• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Мамэкспертиза департаментинин директору коррупцияга шектелип кармалды

19 Үчтүн айы 2023 19:41 Бишкек Govori.TV

Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин (Мамкурулуш) кызмат адамы кармалды. Бул тууралуу УКлуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Мамкурулуш агенттигинин алдындагы Мамлекеттик экспертиза департаментинин директору М.У.Ж. Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (“Коррупция”) боюнча козголгон сотко чейинки өндүрүштүк материалдарынын алкагында 18-январда кармалган.

Белгиленгендей, М.У.Ж. Чүй облусунун капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы болуп турганда материалдык пайда алуу максатында подрядчы “Дос-строй” үчүн акча каражаттарын которууну кечиктирүү, ошондой эле аткарылган иштердин көлөмүн кабыл алуудан баш тартуу түрүндө жасалма тоскоолдуктарды жараткан. М.У.Ж.нын мындай аракеттери “Дос-Строй” ЖЧКсын өзүнө тиешелүү болгон “Болот уста” ЖЧКсы менен субподрядчы түзүүгө жол ачып бергендиги аныкталган.

Өз кезегинде, Чүй облусунун Капиталдык курулуш башкармалыгынын кызмат адамдарына 3 млн сомдон ашык акчаны пара түрүндө “Болот уста” ЖЧКсы тараптан эмгек акы төлөнгөн. Аны менен бирге социалдык объектини тапшыруунун мөөнөттөрү бир топ кечиктиргендигине байланыштуу Беловодское айылдагы орто мектептин курулуш иштеринин көлөмү бүтпөй калган.

Аудиттин корутундусуна ылайык, бул адамдардын мыйзамсыз аракеттеринен 4 млн 500 миң сомго жакын зыян келтирилген.

Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 201