• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Мамкаттоо кызматы: “Унааларды кайра каттоодо жеңилдик алдамчылык эмес!”

3 Чын куран 2018 12:57 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 04.04. 2018. Govori.TV
“Унааларды кайра каттоо боюнча үч айлык акция-мыйзам чегиндеги жарандар үчүн чоң жеңилдик. Айрымдар, буга туура эмес түшүп жатышат”. Бул сөздү Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат катчысы Мелис Эржигитов Govori.TV маалымат агенттигине билдирди.
Анын айтымында, жеңилдетүү акциясы деген-бул биринчиден эски номер жана техпаспорт ээсине калтырылат дегенди билдирет.
«Эгерде техпаспорт менен номер калтырылса 863+948= 1811 сом унаа ээсине эконом болот. Номер менен техпаспорт акциянын алкагында унаа ээсине калтырылып жатат. Ага ылайык техпаспорттун ичиндеги өзгөчө белгилер деген жерге унаанын жаны ээсинин аты жазылат жана кампадан мурда колдонулган акысыз номер берилет  же болбосо унаадагы номер ошол бойдон калтырылат. Эгерде унаа ээси: “Жок, мага жаңы техпаспорт бергиле жана жаңы номер бергиле” десе анда жогорудагы 863+948=1811 сомду төлөшү керек. Жеңилдетилген акцияда жаңы техпаспорттун жана жаңы номердин баасы өзгөртүлбөйт”,-дейт ал.
Андан ары ал 250 сом бул-мамлекеттик каттоо кызматынын оперативдик жана административдик чыгымдары экенин, 2100 сом болсо унаага болгон салык, ага Мамкатоо кызматынын тиешеси жоктугун, ал каражат салык кызматына түшөөрүн кошумчалайт. Ошондой эле 423 сом бул- тарифтик сеткадагы 1% пайыздын 0,1 пайызы. Эгерде жеңилдетилген кампания башталбаганда унаанын ээси 423 сом эмес, 4230 сом төлөмөгүн кошумчалайт.
Эске сала кетсек, кечээ соцтармактарда унааларын жеңилдетилген акция алганыда кайра каттатууга барган жарандар нааразы пикирлерин соцтармактар аркылуу билдирип, “мамлекеттик деңгээлдеги акча жыйноо болуп жатат, жеңилдик жок…” деп жазып чыгышкан эле.
Количество просмотров: 43