• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Жанындагы айымдын төшүн кармап бара жаткан айдоочу табылды

10 Бештин айы 2019 10:20 Бишкек Govori.TV

Twitter социалдык тармактын колдонуучулары талкуу жараткан 01KG 578 ACD жасалма номуру менен жүрөт делген Мерседес үлгүсүндөгү унааны Чүй прокуратурасынын кызматкери 1991-жылы туулган Нурбек Болот аттуу жаран экенин жазып чыгышты. Маалымат такталууда.

Эске салсак, буга чейин «Коопсуз шаардын» камераларына тартылып алынган сүрөт интернетте тарап, андагы жаранды Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси менен окшоштугу айтылып, талкууланган. Мындан тышкары ушул мамлекеттик номур дагы башка төрт унаага тагылып жүргөнү айтылган.

Социалдык тармакка жарыяланган маалыматтар боюнча Нурбек Болот экс-депутат Муратбек Малабаевдин тууганы экени да айтылган.

Булак:elgezit.kg

Количество просмотров: 20073