• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Депутат «Мамкаттоодо качан тартип болот?» деп нааразы болду

11 Бештин айы 2019 10:42 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 11-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айнура Алтыбаева убактылуу айдоочулук күбөлүк боюнча маселени көтөрдү. Анын айтымында, жарым жылдан бери айдоочулар убактылуу айдоочулук күбөлүк менен жүрүшөт.

Казакстанга, Россияга чыга албай жатышат. Буга ким жооп берет? Мурунку төрайымга шылтап коелубу? Жоопкерчиликке бирөө тартылабы? Бул боюнча кызматтык териштирүү болдубу?, — деди ал өкмөттүн парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго.

Ал эми А.Абытов айдоочулук күбөлүктөр арзан баада чыгарылып жатканын айтып жооп берди.

А.Алтыбаева мамлекет өз убагында күбөлүктү чыгарбай жатканы таң калдырганын айтып: «Эмне үчүн биз жасалма паспортторду өз убагында беребиз? Бүт криминалдар дүйнөсү биздин паспорттор менен жүрүшөт. Мамлекеттик каттоо кызматында качан тартип болот?», — деп нааразы болду.

Эске салса, отурумунда «Автотранспорттук каражатынын ээлеринин жарандык укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» долбоору каралып жатат.

Количество просмотров: 110