Бишкек. 31.01.2019. Govori.TV.
Мамлекеттик каттоо кызматы мамлекеттик кадрларды каттоого алуунун автоматташтырылган e-kyzmat маалыматтык системасын түзүп, ишке киргизди.
Мамлекеттик кадр кызматы бул системаны «Инфоком» мамлекеттик ишканасы менен чогуу иштеп чыккан.
Маалыматка ылайык, e-kyzmat электрондук системасы учурда 43 мамлекеттик органга жана Бишкек шаарынын мэриясына орнотулду. Ага 12 миң кызматкер катталган.
Электрондук система персоналды башкарууга, сынак жарыялоого, кызматкерлердин ишине баа берүүгө жана аларды квалификациясын жогорулатууга багытталган. Мамлекеттик кызматкерлер эми онлайн режимде бош кызмат орундарына талапкерлигин коюуга мүмкүнчүлүк алат.