• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: 26 жаштагы жаран өз атасын бычактады. Электрондук каттоо элди кайра убара кылбайбы?

10 Чын куран 2023 19:17 Бишкек Govori.TV

ЖАПАРОВ МЕНЕН ПУТИН СҮЙЛӨШТҮ

Бүгүн, 10-апрелде президент Садыр Жапаров Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Мамлекет лидерлери кыргыз-орус стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштыктын актуалдуу маселелерин, эл аралык аймактык уюмдардын жана интеграциялык бирикмелердин алкагындагы эки өлкөнүн өз ара аракеттенүүсүн талкуулашты.

Мындан тышкары, Президент Садыр Жапаров жана Владимир Путин алдыдагы эки жана көп тараптуу форматтардагы иш-чаралардын графиги боюнча пикир алмашты.

Тараптар эки элдин жана мамлекеттердин бакубаттуулугу үчүн кыргыз-орус мамилелерин мындан ары да бекемдөө ниетин ырасташты.

АРДАГЕРЛЕРГЕ КАРАЖАТ БӨЛҮНДҮ

Президент Садыр Жапаров Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине бир жолку каражат бөлүп берүү жөнүндө тескемеге кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бул чечимге 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта фашизмди жеңген Жеңиштин дүйнөлүк тарыхый маанисин, ошондой эле жыл сайын белгиленүүчү Жеңиштин 78 жылдыгын эске алуу менен кол коюлган.

2023-жылдын 1-апрелине карата Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 68 ардагери жашайт, алардын ичинен: 12 — Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары; 35 — Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары; 9 — Экинчи дүйнөлүк согуштун мезгилинде фашисттер жана алардын союздаштары тарабынан түзүлгөн концлагерлердин, геттолордун жана башка жайларда мажбурлап кармалган жашы жете элек туткундары болгон адамдардын ичинен; 12 — 1941-жылдын 8-сентябрынан 1944-жылдын 27-январына чейин блокада учурунда Ленинград шаарынын ишканаларында, мекемелеринде жана уюмдарында иштеген жана «Ленинградды коргогондугу үчүн» медалы менен, ошондой эле «Блокадалык Ленинграддын жашоочусу» белгиси менен сыйланган адамдар.

Жогорудагы ардагерлердин ар бирине 100 000 сомдон бир жолку материалдык жардам көрсөтүлөт.

Эскерте кетсек, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жеңилдиктердин ордуна ай сайын акчалай компенсациялар жана Президенттин өмүр бою берилүүчү стипендиясы төлөнүп келет.

МЕКТЕПКЕ ЭЛЕКТРОНДУК КАТТОО

Бүгүн, 10-апрелден баштап мектептерге электрондук каттоо башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Алымбаева билдирди.

Анын айтымында, электрондук каттоо эки этапта жүргүзүлөт.

Балдарды мектепке каттоодогу мүчүлүштүктөр быйыл кайталанбайбы? деген суроого Билим берүү министрлигинин санариптик трансформациялоо бөлүмүнүн башчысы Нурлан Шаршенбай уулу төмөндөгүдөй жооп кайтарды.

Эске салсак, былтыр мектепке онлайн-каттоо учурунда тиешелүү портал байма-бай үзгүлтүккө учураган. Платформадагы толгон-токой мүчүлүштүктөрдөн улам бир катар ата-энелер балдарын тизмеге киргизе албай убара тартышкан. Бир тобу электрондук каттоодогу талаптан улам калкты тейлөө борборлоруна кайрылууга аргасыз болгон.

КОНТРАБАНДАЛЫК ДАРЫ-ДАРМЕК АНЫКТАЛДЫ

Кадамжайда 4,3 млн сомдук контрабандалык дары-дармектер аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

Маалыматка ылайык, Ош — Разаков унаа жолунда Лейлек районунун Арка айылынын тургунунун башкаруусундагы “Фольксваген ЛТ” үлгүсүндөгү унаа текшерилип, унаадан эч кандай жүк ташуу документтери жок контрабандалык 116 куту, 174 миң даана дары-дармек менен аныкталды.

Алдын ала эсептөө боюнча, кармалган жүктүн суммасы 4 млн 350 миң сомду түзөт.

Кармалган унаа бажы терминалынын аймагына коюлуп, тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө, ошондой эле бул аткезчиликке тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.

БАЛАСЫ АТАСЫН ӨЛТҮРҮҮГӨ ШЕКТЕЛҮҮДӨ

Ош шаарында өз атасын бычактап өлтүргөн 26 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 7-апрель күнү саат 10:20 чамаларында болгон. Шектүү Кара-Суу районунун Папан айыл аймагынын тургуну болот. Ош шаарында убактылуу жашап жаткан. Шектүү өз атасы менен чырдаша кетип, жанында салып жүргөн маки менен атасын көкүрөк тушка эки ирет сайып жиберген. Натыйжада, 56 жаштагы атасы окуя болгон жерде каза болгон. Кылмыш ишинен соӊ шектүү милицияга өзү кабар берген.

«Маркум ошол күнү баласы убактылуу жашап турган Ош шаарынын Алымбеков көчөсүндөгү үйүнө келген. Шектүүнүн берген көрсөтмөсүнө караганда, экөө теӊ мас абалында болушкан. Шектүү 1997-жылы туулган. Мурда эки жолу соттолгон. Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынган », — деп билдиришти милициядан.

Аталган кылмыш ишинин алкагында соттук-биологиялык, соттук-наркологиялык жана соттук-психиатриялык экспертизалар дайындалып, факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөө иштери жүрүүдө.

ИЗДЕЛИП ЖАТКАН ЖАРАНДАР ТАБЫЛДЫ

Жети-Өгүз районунун дайынсыз болгон 2 тургуну аман-эсен табылды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. Маалыматка ылайык, 7-апрель күнү саат 21:30 чамасында Ак-Шыйрак айылынан Барскоон айылына Toyota Land Cruiser унаасы менен кеткен бойдон 51 жана 34 жаштагы адамдар дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат түшкөн.

«Аталган аймакта болуп жаткан бороонго карабай адамдарды издөөгө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынан ыкчам топ Жети-Өгүз райондук ӨК бөлүмүнөн 1 офицер, унаа жолду тазалоо үчүн №3 жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч жана “Кара-Сай” чек ара тозотунан 6 аскер кызматкери атайын техника менен тартылган»,-деп айтылат маалыматта.

Чек ара кызматкерлери тозоттон 18 чакырымдагы аралык алыстыктан жогорудагы дайынсыз адамдарды аман-эсен табышкан.

Количество просмотров: 673