• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

«Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөр кирди

10 Жалган куран 2021 10:57 Бишкек Govori.TV

Садыр Жапаров «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Аталган документ Жогорку Кеңеш тарабынан 2021-жылдын 27-январында кабыл алынган.

Мыйзам аркылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен келишим (макулдашуу, меморандум) түзгөн, Бириккен улуттар уюму тарабынан уюштурулган уюмдар (өкүлчүлүктөр) аркылуу дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды сатып алууда сатып алуучу уюм түз келишим түзүү ыкмасы менен өз алдынча сатып алууга укуктуу экени каралган.

Муну менен катар мындай мамлекеттик сатып алууларды уюштуруу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен белгиленет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Количество просмотров: 92