Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин расмий сайтында маалымдалат.
Маалыматта айтылгандай, Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын күнүнө байланыштуу төмөнкү жарандар мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланышты.
Толук тизме менен төмөндөн тааныша аласыз: