• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

«Манас» аэропорту эмнеге жеке башкарууга өтүүсү керек? Өкмөттүн жообу

5 Бирдин айы 2020 9:54 Бишкек Govori.TV

Калктын жүрүү эркиндигин камсыздоо жана өлкөнү транспорттук туңгуюктан чыгаруу максатында Кыргыз Республикасы жүргүнчүлөрдү, товарларды жана жүктөрдү ташуу үчүн коопсуз жана суроо-талапка ээ коридору бар транзиттик өлкөгө  айланышы керек. Бул тармактагы долбоорлорду ишке ашыруунун негизги каражаты мамлекеттик-жеке өнөктөштүк болот. Бул тууралуу Өкмөттүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Маалыматка ылайык, биздин географиялык абалыбызды эске алганда, «Манас» аэропорту эл аралык логистикалык кызматтарды көрсөткөн жана Түштүк-Чыгыш Азияны жана Европаны байланыштырган аймактык транзиттик карго-борборго айланышы керек. 2023-жылга карата аба каттамдарынын борбору катары «Манас» аэропортунун дараметин өнүктүрүү боюнча коюлган максат иретинде республика Борбор Азиядагы башкы аба хабдарынын бири боло алат.

2018-2022-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык» Программасында «Манас», «Ош», «Тамчы» аэропортторун модернизациялоону жана жаңылоону аяктоо каралган. Анын натыйжасында эл аралык жана ички аба каттамдарынын, чакан авиациянын саны өсүп, эл аралык транзиттин ролу артат.

Бардык авиация ишканаларында Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ICAO) стандарттарын киргизүү жана сапат менеджменти жана учуулардын коопсуздугун башкаруу системалары тармагында негизги көрсөткүчтөрдүн натыйжалуулугун жогорулатуу зарыл.

«Манас» эл аралык аэропорту» ААКнын аэропортторун өнүктүрүү стратегиялык милдет болуп саналат. Анткени региондо эл аралык аэропорттор арасында атаандаштык бар.

«Манас» аэропортун модернизациялоо жана өнүктүрүү зарылдыгы төмөнкү факторлор менен шартталган:

— деңизге чыгуу мүмкүндүгүнүн жоктугу;

— кызмат көрсөтүүлөрдүн жана инфраструктуранын сапатынын төмөндүгү;

— эл аралык багыттардын жана түз каттамдардын санынын аздыгы.

2019-жылы Кыргыз Республикасында «ачык асман» режимин киргизүү чечими кабыл алынгандыгына байланыштуу аэропорттук инфраструктураны тезинен модернизациялоо кажет.

Авиация тармагын өнүктүрүүнүн келечектүү багыттарынын бири эл аралык деңгээлде таанылган, бул сыяктуу долбоорлорду ишке ашырууда жана башка өлкөлөрдүн аэропортторун башкарууда ийгиликтүү тажрыйбалуу, модернизациялоону жүзөгө ашыруу жана аэропорттук-аэронавигациялык инфраструктураны жана анын кызматтарын эл аралык талаптарга шайкеш келтирүү үчүн ресурстары бар инвестор тартуу болуп саналат.

Белгилей кетүүчү нерсе, аэропорт тармагына мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизми аркылуу жеке башкаруучу компанияларды тартуу (Түркиянын, Грузиянын, Россиянын («Пулково», Санкт-Петербург), Иордания, Бразилия, Хорватия, Греция жана Армениянын аэропорттору)  бүткүл дүйнөдө жайылтылган тажрыйба болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын аэропорттук инфраструктурасын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругуна ылайык Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин төрагалыгы алдында жумуш топ түзүлгөн. Ага көз карандысыз эксперттик коомчулук, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, бизнес-ассоциациялар, «Манас» эл аралык аэропорту» ААКнын жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү тартылган.

Бул долбоордо өнүктүрүү боюнча эл аралык бир нече өнөктөштөрдүн сунуштары каралган. Жыйынтыгында жумушчу топ тарабынан долбоорду Бүткүл дүйнөлүк банк тобунун мүчөсү болуп саналган Эл аралык финансы корпорациясы менен өнөктөштүктө иштеп чыгуу жана бул уюмду  «Манас» эл аралык аэропорту» ААКны модернизациялоо жана өнүктүрүү» долбоорун даярдоодо кеңешчи катары дайындоо сунушталган.

Белгилей кетсек, Эл аралык финансы корпорациясы менен кызматташууга «Манас» эл аралык аэропорту» ААКнын бардык 11 аэропортун комплекстүү талдоо/изилдөө жана техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыгуу кирет. Бул республикада бардык аэропорттук инфраструктураны тутумдуу өнүктүрүү үчүн негиз түзөт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү сунушталган документтерди жактырган шартта инвесторду ачык-айкын жана атаандаштыкта тандоо (сынак өткөрүү) жана Кыргыз Республикасы үчүн бир кыйла пайдалуу шарттарды камсыздоо аркылуу уюштурула турган долбоорду ишке ашыруу чечими өзүнчө кабыл алынат. Бул долбоорду мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизми менен жүзөгө ашыруу болжонууда.

Белгилей кетүүчү нерсе, «Манас» эл аралык аэропорту» ААКнын эаропорттук инфраструктурасы жана акциялары инвесторго же үчүнчү жактарга берилбейт. Долбоор ишке ашырылса, бардык жаңы инфраструктура жана жабдуулар мамлекеттин карамагына өткөрүп берилет.

Маалымдама:

Эл аралык финансы корпорациясы Бүткүл дүйнөлүк банк тобунун мүчөсү, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк, анын ичинде аэропорт тармагындагы долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу маселелери боюнча өкмөттөргө кеңеш берүү тажрыйбасы зор. Кадыр-барктуу жана көп тараптуу уюм болуп саналат. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жаатында иш тажрыйбасы жогору, квалификациялуу командасы жана глобалдык инвестициялык коомчулук менен байланышы бар.

Акыркы жыйырма жыл ичинде Эл аралык финансы корпорациясы дүйнөнүн 102 өлкөсүндө 360га жакын келишимди даярдап, аткарууга катышкан.

Количество просмотров: 64