• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

«Манас» аэропортунда эмдөө пункту ачылды

11 Баш оона 202116:04 Бишкек Govori.TV

«Манас» эл аралык аэропортунун санитардык-карантиндик пунктунда кошумча эмдөө пункту ачылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, эмдөө пункту саат 08:00дөн 16:30га чейин иштейт.

«Эмдөө ала турган адамдардын жанында паспорту болушу керек. Себеби COVID-19га каршы эмделген маалымат КР Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин электрондук саламаттык сактоо борборунун базасына киргизилет», — деп айтылат билдирүүдө.

Количество просмотров: 133