• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

“Манас” аэропортунун көзөмөл-өткөрүү пунктунун ага адиси кармалды

18 Жалган куран 2022 13:46 Бишкек Govori.TV

“Манас” аэропортунун көзөмөл-өткөрүү пунктунун ага адиси, ага лейтенант К.К.К. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 2022-жылдын 17-мартында Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинде (Опузалап пара алуу) каралган кылмыштын белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Бишкек шаарында Кытай эл Республикасынын КЭР жаранынан, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып 3000 АКШ доллары өлчөмүндө акча талап кылып, 100 000 сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен чек ара кызматынын кызматкери, ага лейтенант К.К.К. кармалды.

Кармалган жаран КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Количество просмотров: 410