«Манас» эл аралык аэропортунун кызматкерлери жаңы дайындалган жеткечиге каршы нааразычылык акциясына чыгышты. Алар өлкө жетекчилигинин эл аралык аэропортко президент кылып Бакыт Сыдыковду дайындоо чечимине нааразы.
Нааразы болгон кызматкерлери жаңы дайындалган Сыдыковдун ордуна башка адамды дайындоо керектигин, анын кызмтттан кетүүсүн айтышууда.
Бакыт Сыдыков белгилүү саясатчы, Курманбек Бакиевдин мезгилинде чоң кызматтарды ээлеп турган Үсөн Сыдыковдун уулу. Парламенттик шайлоого «Мекеним Кыргызстан» партиясынын тизмеси менен барган.