• Бейшемби 9 Бугу 2024
  • Четверг 9 Май 2024

Манасчылар арасында сынак жарыяланды

5 Теке 2021 9:45 Бишкек Govori.TV

Акын, манасчы Тоголок Молдонун 160 жылдыгына карата манасчылардын Республикалык кароо сынагы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Сынак мыкты манасчыларды коомчулукка таанытып, улуу өнөрдү жайылтуу максатында уюштурулууда. Мелдешке 30 жашка чейинки манасчылар катыша алат. Иш-чаранын 1-баскычы район, шаар, маданият борборлорунда 20-июль күнү өткөрүлсө, 2-3-баскычтары Бишкекте 5-августта болот. Алдыңкы орунду камсыз кылган манасчыларга диплом жана акчалай сыйлык тапшырылып, Нарын облусунда өтүүчү фестивалга катыша алат.

Кароо-сынакка катышууну каалагандар паспорттун көчүрмөсү же туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн жана арызды министрликтин [email protected] электрондук дарегине жибере алышат. Байланыш номерлери: 0312 66-24-04, 0774 36-95-10, 0709 21-07-33.

Количество просмотров: 133