• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Мандат чыры: Бакиров Жогорку сотко даттанат

31 Теке 2023 17:20 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров өзү шайланып келген №4 Көк-Жар округу боюнча шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган чечим боюнча Жогорку Сотко кайрылат. Бул тууралуу ал 31-июлда «Азаттыкка» билдирген.

«Мен сот процесси болгон учурда эс алууда болчумун. Бишкек шаардык соттун ушундай чечим чыгарганын кийин билип калдым. Биз адвокат менен акылдашып, Жогорку Сотко да кайрылабыз. Жалпы иш боюнча азырынча комментарий бербей турайын», — деген ал.

26-июлда Бишкек шаардык соту Ош облусунун Ноокат районундагы бир мандаттуу №4 Көк-Жар округу боюнча шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу тууралуу Бишкектин административдик сотунун чечимин күчүндө калтырган. 7-июнда Бишкектин административдик соту №4 Көк-Жар округу боюнча шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган.

Борбордук шайлоо комиссиясынын бул округда шайлоо өткөнү тууралуу жана Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакировду депутат катары тааныган чечимдери да жокко чыгарылган.

2021-жылы 28-ноябрда өткөн аралаш системадагы шайлоодо Өмүрбек Бакиров парламентке депутат болуп шайланган. Саясий жарышка жалпы жети талапкер катышкан.

Талапкерлердин бири, экс-депутат Равшанбек Рысбаев 2022-жылдын декабрында сотко кайрылып, Өмүрбек Бакиров шайлоодо добуш сатып алды деген жүйө менен анын мандатын жокко чыгарууну суранган.

Количество просмотров: 80