• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Мандат маселеси: Сот Исмаиловдун арызын канааттандырган жок

3 Баш оона 2023 14:35 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаардык административдик соту Жогорку Кеңештин депутаты Фархат Исмаиловдун мандатынан ажыратылышы боюнча арызын карап, канааттандырган жок.

Мындай чечим 3-августта кабыл алынган.

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттары Фархат Исмаилов (“Ата-Журт – Кыргызстан” фракциясы) менен Фарходбек Алимжановду («Альянс») диплом чырына байланыштуу 6-июлда мандатынан ажыраткан. Буга жасалма диплом маселеси себеп болгон.

Эки депутат БШКнын чечими боюнча сотко арызданган.

Количество просмотров: 91