• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Марипов: Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен өз ара соода жүргүзүү көлөмү 5 айда 34,7%га өстү

20 Баш оона 2021 12:33 Бишкек Govori.TV

Үстүбүздөгү жылдын акыркы 5 айында Кыргызстандын Биримдик өнөктөштөрү менен өз ара соода жүргүзүү көлөмү 5 ай ичинде 34,7 пайызга жогорулады. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги кеңейтилген жыйынында билдирди.

Анын айтымында, пандемияга карабастан ички сооданын өнүгүү темпи байкалды.

Интеграциялашуунун ар кыл баскычтарын жана формаларын басып өтүү менен биз евразиялык интеграциянын калыптануусуна багыт берген Евразиялык экономикалык коомчулукту уюштурууга келдик. Мындай интеграциялашуу идеясы биздин өлкөлөрдүн жана элдерибиздин бакубат өнүгүүсүнө ишенимдүү жол катары өзүнүн келечектүүлүгүн далилдей алды. Эки жыл мурда ушул эле учурда Ысык-Көл жээгинде биз интеграциялашуунун 5 жылдык юбилейин жана биргелешкен аракет аркылуу жетишилген ийгилктерибизди белгилеген элек. Ал учурдан тарта биз дүйнөдө орун алып жаткан коронавирус инфекциясына байланыштуу өнүгүүнүн жөнөкөй эмес жолун басып өттүк. Ага карабастан, бул сыноо Бирликтин мүмкүнчүлүктөрүн алсыратпастан, тескерисинче, бекемдеди, муну дагы бир жетишкендик катары кабылдасак болот. Буга далил катары ички сооданын өнүгүү темпин келтирсек болот. Мисалга, Кыргызстандын Биримдик өнөктөштөрү менен өз ара соода жүргүзүү көлөмү үстүбүздөгү жылдын 5 айы ичинде өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 34,7 пайызга жогорулаган, бул бизге ишеним тартуулайт»,-деди Марипов.

Марипов ошондой эле климаттын глобалдык өзгөрүшүнө токтолуп, жашыл экономика бир эле учурда экономикалык жана экологиялык максаттарды алдыга жылдыруу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү колдонууга багытталганын кошумчалады.

«Бүгүнкү күн тартибибиз көптөгөн маселелерди камтыйт, анын катарында кызматташтыгыбыздын пайдубалын бекемдөогө мүмкүндүк берүүчү интеграцияны мындан ары карай тереңдетүүгө багытталган маселелер бар. Кууш чөйрөдөгү форматта биз кеңешменин күн тартиби боюнча конструктивдүү диалог жүргүздүк жана товарларды ташып чыгуудагы тарифтерди жакындаштырууга, өз-ара жана тышкы сооданы камсыздандыруу чараларына, Шайкештикти баалоо жаатында аккредитациялоо боюнча Евразиялык (аймактык) уюмду түзүүгө, ошондой эле глобалдык климаттык күн тартипти ишке ашыруу жаатындагы маселелерди талкууладык. Жөнгө салууну күчөтүүнүн глобалдык тенденциясын, атап айтканда өлкөлөрдүн тышкы соода жүргүзүү саясатын камтыган климаттык күн тартипке өзгөчө басым жасагым келет. Климаттык өзгөрүүлөргө каршы күрөш жүргүзүү боюнча чаралар адилетсиз атаандаштыктын куралы болуп калбастан, өндүрүштүк байланыштардын ажырымына алып келбестен, тескерисинче, жаңыларын түзүүсү маанилүү. Ушул жөнөкөй эмес шартта интеграциялык кызматташтыктын жаңы багыттарын өнүктүрүүгө карай негизги багытты өзгөртүү зарылчылыгы келип чыгууда. Евразия мейкиндигиндеги эң ири интеграциялык бирикме катары биздин Биримдик мүчө мамлекеттердин туруктуу экономикалык өнүгүүсүн камсыздоону жана БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарын көздөйт. Бүгүнкү күндө жашыл экономика бул өнүгүүнүн ажырагыс бөлүгү катары саналат, ал бир эле учурда экономикалык жана экологиялык максаттарды алдыга жылдыруу мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууга багытталган. Бул – инклюзивдүү ыкмаларды колдонуучу, ресурстарды үнөмдөөчү, көмүртеги төмөн саналган жана диверсификацияланган экономика. Жалпысынан климаттык күн тартиби жана жашыл экономика маселелери дүйнөнүн дээрлик бардык өлкөлөрүнүн экономикалык ишмердүүлүгүнүн ажырагыс бөлүгү болуп калгандыгын эске алуу менен келерки жылдын жайында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын алкагында климаттык өзгөрүүлөргө жана жашыл экономика маселелерине арналган Евразия экологиялык жана климаттык форумун Ысык-Көл жээгинде өткөрүүнү сунуштайм»,-деди ал.

Белгилей кетсек, бүгүн, 20-августта Чолпон-Ата шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны кеңейтилген форматта өтүүдө. Иш-чарага Армения, Казакстан, Россия мамлекеттеринин премьер-министрлери катышып жатат. Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы, байкоочу катары Өзбекстан жана Куба Республикасынын (видеоконференция аркылуу) премьер-министрлери дагы катышууда. Кеңешменин жүрүшүндө интеграциялык биримдиктин алкагындагы бир катар актуалдуу маселелер каралды.

Количество просмотров: 106