• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Марипов: Маселе менде болсо кызматтан азыр кеткенге даярмын

17 Кулжа 2021 13:56 Бишкек Govori.TV

Маселе менде болсо кызматтан азыр кеткенге даярмын. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов бүгүн, 17-июнда Агрардык саясат, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, өкмөттү алмаштыруу менен маселе чечилбейт.

«Эгерде маселе менде болсо азыр кетүүгө даярмын. Мен деле бир жыргап, ырахаттанып иштеп жаткан жерим жок. Кыйынычылык болгондуктан уктабай иштеп жатабыз. Биздин максат маселени чечүү. Президенттибиз «Кумтөр» кенинен баштап баардык маселени коюп жатат. Биз аракет кылып жатабыз. Бирөөдөн пара алып жумушка койсом, жумуштан азыр кеткенге даярмын. Менин максатым эртең биз иштеп кеткенден кийин артымда бир иш калса. Ошол эле учурда жоопкерчиликти алганга даярмын. Капиталдык салымдар жетпей жатат, чече албай жатам, суу жетпей жатат. Кайсы жагына жеткирели? Эми ушул меселелерди бирге чечебиз да Кудай буйруса. Урматтуу депутаттар, биз бири-бирибизди чукулап, кызматтан алуудан эч бир маселени чечилбейт. Өкмөттү ар бир алты ай сайын алмаштыралы маселе чечилеби? Жоопкерчиликтен качпай, канчалык сындасаңар да ого бетер иштеп бергенге даярмын»,-деди Марипов.

Буга чейин парламентте министрлер кабинетинин төрагасына ишеним көрсөтпөө демилгеси көтөрүлгөн эле.

Количество просмотров: 1476