• Жума 10 Бугу 2024
  • Пятница 10 Май 2024

Марипов Олимпиадада байге алган балбандарды куттуктады

4 Баш оона 2021 9:23 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшү боюнча күмүш байге алган Акжол Махмудовду жана кыз-келиндер күрөшү боюнча коло медалдын ээси Мээрим Жуманазарованы куттуктады.

«Мен үчүн биздин спортчуларыбыздын опимпиадалык жеңиштеринин күбөсү болуу чоң сыймык. Сиздер өз мекениңиздердин эгемендигинин 30 жылдыгына карата мыкты белек кылдыңыздар. Биз сиздер менен сыймыктанабыз, өсүп келе жаткан муун үчүн үлгү болдуңуздар. Өлкө желегин жогору желбиретип, мекендештерибизге жаркын маанай тартуулаганыңыздар үчүн сиздерге ыраазычылык билдирем!», – деди Улукбек Марипов.

Ошондой эле ал Айсулуу Тыныбекованы ишенимдүү түрдө финалга чыгуусу менен куттуктап, алдыдагы таймашта жеңишти багындыруусун каалады.

«Бүтүндөй өлкө финалдык таймашты чыдамсыздык менен күтүүдө. Биздин күйөрмандардын колдоосу сизге дем-күч жана ишеним берсин, Айсулуу!»,-деп кошумчалаган Марипов.

Количество просмотров: 127