• Шейшемби 19 Жалган куран 2024
  • Вторник 19 Март 2024
Орозо

Марипов: Жапаровдун беш жылдык өнүктүрүү стратегиясы даярдалып жатат

17 Кулжа 2021 18:29 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаровдун беш жылдык өнүктүрүү стратегиясы даярдалып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 17-июнда Министрлер кабинетинин төрөгасы Улукбек Марипов Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

“Ушул жылдын аягына чейинки антикризистик программаны даярдаганбыз. Бирок аны бекитпей, токтоп турганыбыздын себеби, президенттин өнүктүрүү стратегиясы даярдалып жатат. Ошонун негизинде биз планды бекитебиз”, — деди Марипов.

Ушул тапта парламент Министрлер кабинетинин кризиске каршы программасын жана дыйкандарды сугат суу менен камсыз кылууда жаралган көйгөй боюнча маалыматын угуп жатат.

Количество просмотров: 176