• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Марипов: Жарыксыз калабыз, же тарифти көтөрүшүбүз керек

17 Кулжа 2021 14:56 Бишкек Govori.TV

Бардык көйгөйлүү маселелерди элге ачык айтыш керек. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов бүгүн, 17-июнда Агрардык саясат, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, энергетикалык көйгөйлөрдү чечпесек анда биз жарыксыз калабыз, же тарифти көтөрүшүбүз керек.

«Мен бардык маселелерди 100% чечебиз деп убада бере албайм. Бирок биз колубуздан келгендин бардыгын жасайбыз. Башка өлкөлөрдөгү кырдаалды дагы караш керек. Тарифтер жөнүндө коомчулукка ачык айта баштадык. Эгерде биз энергетикалык көйгөйлөрдү чечпесек, инвесторлорду тартпасак, анда биз же жарыксыз калабыз, же тарифти көтөрүшүбүз керек»,-деди Марипов.

Количество просмотров: 363