• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Марипов: Жетекчи көп жерде жыйынтык аз

2 Бирдин айы 2021 19:29 Бишкек Govori.TV

Жетекчи көп жерде жыйынтык аз. Бул тууралуу өкмөт башчылыкка талапкер Улукбек Марипов журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

«Бүгүнкү күндө элдин, урматтуу президенттин койгон талабы ушул. Ошол үчүн кыска мөөнөттө жасаганга аракет кылабыз. Бирок азырынча кайсы мекеме кимдин карамагына өтө турганын адистер тактайт. Текшерүүчү органдар кыскарат деп так кесе айта алам. Алдыда бизнести толук колдоп, инвестиция тартуу керек. Көрүп жатабыз жетекчи көп жерде жыйынтык аз»,-деди Марипов.

Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы премьер-министрликке 42 жаштагы Улукбек Мариповдун талапкерлигин сунуштап, парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети 2-февралда премьер-министрлик кызматка талапкерди, жаңы өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын карап жактырып, жалпы жыйынга жиберди. Марипов өкмөттүн курамы 22ден 16га чейин кыскара турганын айткан болчу.

Количество просмотров: 88