Сокулук районундагы жаш жигиттин өлүмүнө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирдт.
Маалыматка ылайык, 30-декабрда эртең менен Сокулук районундагы Шопоков шаарындагы көчөлөрдүн биринен жергиликтүү тургундун жансыз денеси табылган. Маркумдун баш сөөгү жабыркап, көкүрөгү күйүп калган жана денесин үшүк алып кеткен.
«Бул факт боюнча Жазык кодексинин 130-беренесине ылайык (адам өлтүрүү) кылмыш иши козголгон. Каза болгон жаран 20 жаштагы Х.С. экени аныкталган.
Чүй ОИИБдин жана Сокулук РИИБдин ыкчам кызматкерлери аталган кылмышка шектүү катары 33 жаштагы Б.С.ны кармашты. Ал Сокулук районунун тургуну», — деп айтылат маалыматта.
Кошумчалангандай, кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда окуянын чоо-жайы такталып, тергөө уланууда.