Бишкек.23.03.2018.Govori.TV
Бишкектеги маршруттук каттамдардын биринен эки жүргүнчү аял урушуп кетип, милицияга кайрылган. Бул туурасында ИИМдин баса сөз борборунан Адыл Оморов Govori.TV сайтына билдирди.
«Маршруткадан эки аял урушуп кетип, айдоочу аларды ЦУМдун жанына келгенде түшүрүп салган. Андан соң, алар милиция менен тез жардамга чалып кайрылышкан» -дейт Оморов.
Урушкан эки аял милиция менен тез жардам келгенде эч кимге арыз дооматы жок экенин билдиришкен.