Бишкек.15.03.2018.Govori.TV
Өзүнө тийешелүү мүлкү жок болуп, бирок ал мамлекеттик кызматта иштесе декларация толтурууга милдеттүү. Бул туурасында салык кызматынын басма сөз борборунан Govori.TV сайтына билдирди.
«Эгерде мамлекеттик кызматкердин катталган жери башка областа болсо, ал жаран райондогу салык кызматынан сыр сөз алып келиши керек.Себеби, ал буга чейинки алган айлыгы боюнча каттатышы керек. Буга чейин бардыгы кагаз түрүндө каттоого алынса, мындан ары электордук вариантта мөөнөтсүз жүргүзүлөт » -дейт пресс борборунан.
Мындан сырткары, 2-апрелге чейин мыйзамда белгиленген мөөнөткө чейин декларация толтурбаса мамлекеттик кызматкерге 2000сом өлчөмүндөгү администрациялык айып салынарын кошумчалады.
Эске сала кетсек, саясий, атайын мамлекеттик кызмат орундарын ээлеп турган адамдар, административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлеп турган адамдар, аскер кызматчылары, укук коргоо органдарынын жана дипломатиялык кызматтардын кызматкерлери, саясий жана административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдар, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы жана анын орун басарлары декларация толтурууга милдеттүү.