Бишкек.26.02.18.Govori.TV
Синоптиктер жаз мезгили туруктуу аба ырайы менен баштала турганын божомолдошууда.
Чүй жана Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында
Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…1,5° төмөн болуп, Чүй өрөөнүндө 2…4°, Талас өрөөнүндө 1…3°,Кемин өрөөнүндө жана тоо этектеринде 0…2° жылуу болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 2° суук…3° жылуулуктан 3…8° суукка чейин, Чүй өрөөнүнүн түндүгүндө, Талас өрөөнүндө жана тоо этектеринде 11° суук, күндүз 2…7° жылуулуктан 9…14° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Айдын аягында абанын температурасы жогорулап, түнкүсүн 1…6°, күндүз 15…20° жылуу болушу күтүлөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын, кээ бир райондордо нормадан аз болушу күтүлөт (Чүй өрөөнүндө 43-61мм, тоо этектеринде 30-52 мм, Талас өрөнүндө 35-37мм).*
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында
Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…2° төмөн болуп, 3…5°, тоо этектеринде 1…3° жылуу болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 1° суук …4° жылуулуктан 3…8° суукка чейин, күндүз 3…8° жылуулуктан 11…16°жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Айдын аягында абанын температурасы жогорулап, түнкүсүн 2…7°, күндүз 17…22° жылуу болушу күтүлөт.
Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 2° суук …3° жылуулуктан 4…9° суукка чейин, күндүз 0…5° жылуулуктан 8…13° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Айдын аягында абанын температурасы жогорулап, түнкүсүн 1…6°, күндүз 13…18° жылуу болушу күтүлөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (34-55мм, тоо этектериндеги райондордо 50-122 мм).
Ыссык-Көл облусунда
Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…2° төмөн болуп, 1…3° суук, Ысык-Көл ойдуңунун чыгыш тарабында 4…6° суук болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 2…7° суук, күндүз 3…8° жылуу болушу күтүлөт. Айдын аягында абанын температурасы жогорулап, түнкүсүн 0…5°, күндүз 10…15° чейин жылуу болушу күтүлөт.
Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 2…7° сууктан 8…13° суукка чейин, күндүз 0…5°жылуулуктан 6…11° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан аз болушу күтүлөт (5-16 мм, чыгышында 28-35мм).
Нарын облусунда
Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…3° төмөн болуп, 2…4°, Кочкор районунда 0…2° суук болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 3…8° сууктан 10…15° суукка чейин, Ат-Башы районунда түнкүсүн 15…20° суук, күндүз 0…5° сууктан 3…8° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Кочкор районунда ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 1…6° сууктан 7…12° суукка чейин, күндүз 3…8° сууктан 10…15° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (9-23мм).
ЖАЙЫТТАР ЗОНАСЫ
Алай өрөөнү
Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…2° төмөн болуп, 8…10° суук болушукүтүлөт.Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 11…16° сууктан 18…23° суукка чейин, күндүз 0…5° сууктан 6…11° суукка чейин өзгөрүлүп турушукүтүлөт.
Жаан-чачындынайлыккөлөмүнормага жакын болушукүтүлөт (32-34мм).
Суусамыр өрөөнү
Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 2…4° төмөн болуп, 12…14° суук болушукүтүлөт.Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 13…18° сууктан 20…25° суукка чейин, күндүз 0…5° сууктан 7…12° суукка чейин өзгөрүлүп турушукүтүлөт.+
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (23-25мм)