Бишкекте мас абалында унаа башкарып, милициянын талаптарына баш ийбеген
аял 3 суткага камалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
9-август күнү кечинде жол тескөөчүлөр тарабынан 1989-жылы туулган К.И.нын
башкаруусундагы «Honda stream» үлгүсүндөгү унаасын токтотуп, айдоочуга КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 193-беренеси («Мас абалындагы айдоочунун транспорт каражатын башкаруусу, мас абалындагы же транспорт каражатын башкарууга укугу жок адамга транспорт каражатын башкарууга берүү») боюнча протокол түзүлдү.
Унаа атайын кайтарылган унаа токтотуучу жайга эвакуацияланган.
Ошондой эле коомдук тартипти бузгандыгы жана милиция кызматкеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбегендиги үчүн КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси (майда бейбаштык) боюнча протокол түзүлүп, Ленин райондук сотунун чечими менен ал Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына үч суткага камалды.