• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Масалиев: Байсаловдун пенсия боюнча айткан сөзүнө саясий баа берилиши керек

13 Чын куран 2022 15:13 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун пенсия боюнча айткан сөзүнө саясий баа берилиши керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев билдирди.

«Жарандарын камсыз кыла албаган өкмөттүн бизге кереги жок. Вице-премьер-министрдин айткан сөздөрүн ката деп эсептеш керек. Ээлеген кызматка дал келбеген иш аракеттер болуп жатат»,-деди эл өкүлү.

Буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Социалдык фондго акча төкпөгөн жаранга мамлекет бир тыйын дагы карыз эместигин билдирген.

«Медициналык, пенсиялык камсыздандыруу элементтери номиналдуу түрдө эле иштеп, баары республикалык бюджеттен болуп жатат да. Биз азыр төлөө шарттарын жеңилдетели деп жатабыз. Жыл аягына чейин ар бир адам ай сайын 500 сом төлөп эле пенсиялык полис ала тургандай шарт түзөлү деп жатабыз. Сен пенсияңды эртерээк топтоп баштасаң, карыганда көбүрөөк аласың. Эгер төлөбөсөң, пенсия сага кепил эмес. Жакыр болуп жашасаң пособие төлөнөт, болбосо мамлекет сага бир тыйын пенсия карыз эмес дегенди түшүндүрүп башташыбыз керек», — деди Байсалов.

Байсаловдун айткандары коомчулукта кызуу талкууга жем таштады.

Количество просмотров: 191