Башында коррупционерлерге дүңгүрөтүп өкүм чыкканы менен алар 2-3 жылда чыгып кетип жатат. Бул тууралуу эл өкүлү Исхак Масалиев билдирди. Анын айтымында, коррупция менен күрөшүүдө системаны өзгөртүп, ага жол бербөөгө аракет кылышыбыз керек.
Чет өлкөлөрдө коррупционерлерге өлүм жазасы колдонулат. Ошондуктан коррупцияга каршы күрөштө система өзгөрмөйүн аны эч ким жок кыла албайт,-деп кошумчалады И.Масалиев.