• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Масалиев: Өлүм жазасы көпчүлүк мамлекеттерде дале колдонулат

22 Үчтүн айы 202018:24 Бишкек Govori.TV

Өлүм жазасы дүйнөдөгү бир катар мамлекеттерде дале колдонулат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев билдирди.

“Акыркы жылдары бизде үй-бүлөлүк зордук-зомбулук чектен чыгып кетти. Өзүнүн кичинекей балдарын зордуктаган аталар көбөйдү. 2020-жылдан тартып Концитутцияны өзгөртүүгө биздин укугубуз  бар.  Мен өкмөттөн суранат элем, мына ушундай кылмыштар үчүн өлүм жазасын кайтарып бергиле, сунуштагыла. Андайларды абакта бир топ жыл багып, карагандын зарылчылыгы жок. Өз баласын зордуктагандар адам эмес айбан”,-деди эл өкүлү Масалиев. 

Количество просмотров: 144