• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Масалиев неберелүү болду

17 Бугу 20219:51 Бишкек Govori.TV

Мурдагы депутат Исхак Масалиев неберелүү болду. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы жеке баракчасы аркылуу кубанычтуу кабары менен бөлүштү.

«Менин уулум Адылбек жана жубайы Мунара. Алар бизге ушул кичинекей периштени 10-майда тартуулашты. Апам тирүү кезинде неберемдин атын Азам деп коюуну кыялданчу. Апамдын тилеги орундалып Масалиев Азамат Адылбекович төрөлдү. Азам, планетанын башка миллиондогон балдары сыяктуу эле бактылуу болсун. Биздин бүт жашообуз балдарга арналган. Адыл менен Мунарага рахмат! Сиздердин да ар бириңиздерге ушундай кубанычты каалайм!», — деп жазды Масалиев.

Количество просмотров: 203