• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Масалиев: Жогорку Кеңеш абалды өз колуна алыш керек

15 Чын куран 2020 16:58 Бишкек Govori.TV

Бул тууралуу депутат Исхак Масалиев парламенттин бүгүн, 15-апрелдеги отурумунда билдирди.

«Кыргызстанда парламенттик башкаруу. Ошондуктан Жогорку Кеңеш толугу менен координацияны өз мойнуна алышы керек. премьер, президент башка чет өлкөнүн алдында отчет бербей, биринчи кезекте Жогорку Кеңештин төрагасынын алдында күнүгө маалымат бериши керек, Биз керек болсо бардык кадамдарды жасашыбыз керек, ошондо чыныгы парламенттик республика болобуз. Эгерде ага барбасак, анда биздин төрагабыз өз милдеттерин так аткарган деп эсептебейбиз. Мен премьерди отставкага кетирели деп сунуш бербей, эгер өзү туура деп эсептесе кетмек. Биз өзүбүз өзгөчө кырдаал киргизип, эрежелерин өзүбүз бузуп жатабыз. Күнүгө ушул имартта миң киши топтолуп, ошол эле мезгилде көчөдө кетип бара жаткан 2 кишини милиция кубалап, үйүңө бар деп жатат. Миң киши шаардын төрт бурчунан келип, топтолуп жатабыз. Өзүбүздүн ишмердүүлүгүбүздү, тартипти өзгөртүп койсок туура болот эле. Комитет, фракция режимине өтүп, керектүү маселе болсо керектүү адистерди чакырып, чечип беришибиз керек. Ошондо биз үлгү болобуз», — деди депутат Масалиев.

Количество просмотров: 329