Covid-19 вирусунун жайылуу коркунучу сакталып турганына карабастан Кыргызстан шайлоо өткөрүүнү чечкен мамлекеттердин катырын толуктады. 4-сентябрда каттоодон өткөн партиялар бир айлык үгүт иштерин баштады.
Партиялардын кээ бири облустарга барып шайлоочулар менен жолугуп жатат. Коронавирус пандемиясына байланыштуу республикалык штабдын сунушунун негизинде саясий партияларга көп кишини чогултууга тыюу салынган. Же болбосо жолугушууга келген адамдар социалдык аралыкты сактап, беткап тагынышы керек болчу. Бирок ага карабай, партиялар элди чогултуп, жолугушуу өткөрүп жатканын интернетке жарыяланган сүрөттөрдөн жана түз алып көрсөтүүлөрүнөн байкоого болот.
«Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, быйыл шайлоо алдындагы үгүт иштеринин убагында көчөлөрдө, стадиондордо концерттерди, театрлаштырылган оюн-зоокторду, спорттук мелдештерди өткөрүүгө болбойт жана шайлоочулар менен жолугушуу иш-чараларына ырчы-чоорчулар тартылбай турганы айтылган.