• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Массалык камоолор: Дүйшөбаевдин кармалышы мыйзамдуу деп табылды

9 Жетинин айы 2022 12:29 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 9-ноябрда Бишкек шаардык сотунда Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаевдин кармалышынын мыйзамдуулугу каралды.

Шаардык сот Дүйшөбаевдин кармалышын мыйзамдуу жана негиздүү деп тааныды.

«Мен жаш бала эмесмин. Бир эмес эки жогорку билимим бар. 40 жылдан ашуун укук коргоо органдарында иштеп келдим. Кайсы тарапка сүйрөп бара жатканыңарды көрүп жатам. Мени кайсы негизде камап жатасыңар? Тергөөчү бир далил айта алган жок. Жогорку жактын буйругу деп тим болду. Абийириңердин алдында айтып койгула мени эмненин негизинде кармап жатасыңар?», — деди Дүйшөбаев.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 24-25-октябрь күндөрү башаламандык уюштурууга шек саналып, жапырт кармалган 20дан ашык саясатчы жана активисттин бөгөт чарасын карап, баарын эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.

Алар Жаза аткаруу кызматынын 21-мекемесинде же Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалууда. Бирөө ден соолугуна байланышуу үй камагына чыгарылган.

23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүрүп, милицияга чакырылган жана 48 саатка камакка алынган. Алар «Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берилишине каршы» болуп келген.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүп жатат.

Количество просмотров: 302