• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

Матраимов менен байланышы бар делген депутаттар биринин артынан бири андан баш тартышууда…

19 Бирдин айы 2024 12:38 Бишкек Govori.TV

Кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланган мурдагы бажычы Райымбек Матраимовго байланышы бар делген Жогорку Кеңештин айрым депутаттары аны менен эч кандай байланышы болбогонун айтып чыгышууда.

Алсак, «Менин Матраимовго кандай байланышым бар?» деп суроо салган депутат Надира Нарматова буга чейин Райымбек Матраимовду мыкты адам катары сүрөттөгөн эле. Ал Райымбек Матраимовдун агасы, ЖК депутаты Искендер Матраимов «Агасы инисине да жооп бербейт. Ал өзүнүн ишине өзү жооп берет. Мен өзүмө жооп берем» деп жооп узаткан.

Муфтияттын жаңы имаратынын ачылышына Матраимов менен чоогу катышкан депутаттардын бири Айбек Осмонов ал бир райондон болорун айтса, ЖК депутаты Шайлообек Атазов Матраимовду колдоо митингдерине катышып, Жогорку Кеңештен да таламын талашып жүргөн. Ал бул боюнча комментарий берип, «Менин мандатымды эл берген. Эл чечет» деп жооп берген.

Белгилей кетсек, 15-февралда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге жакын экени айтылып жүргөн Region телеканалында Искендер Матраимов, Надира Нарматова, Айбек Осмонов, Шайлообек Атазов жана Нурлан Ражабалиев мандатын тапшырышы керек деген өңүттөгү бир нече материал жарыялаган. Анда пикирин билдирген эксперт, саясат талдоочулар мафия аталып, издөөгө алынган адамдын жакындары парламентте отурбаш керек деген жүйө келтиришкен.

Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы бажычы Абдывахаб Боронбаев 14-февралда мандатын тапшыргандан кийин Райымбек Матраимовго байланышы бар делген башка эл өкүлдөрү боюнча маселе көтөрүлүп, өзгөчө төрт-беш депутаттын ысымы ачык айтыла баштаган.

Алардын бири издөөгө алынган мурдагы бажычынын агасы, депутат Искендер Матраимов «Азаттыкка» бир тууганынын камакка алынган мүлктөру жана өзүнүн мандаты тууралуу комментарий берген. Ал Кара-Суу бир мандаттуу округунан шайланган.

“Кечээ сүйлөгөндөрдү көрдүм. Бири мени “Райымбектин агасы” дейт, бири “иниси” дейт. Мыйзам боюнча 18ге чыккандан кийин ата-энеси баласына да жооп бербейт. Агасы инисине да жооп бербейт. Ал (Райымбек Матраимов) өзүнүн ишине өзү жооп берет. Мен өзүмө жооп берем”, — деди Искендер Матраимов.

Ысымы аталып жаткан депутаттардын бири “чет элдик өкүл” деген ат менен таанылган талаштуу “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоорунун автору Надира Нарматова. Ал парламентке “Ата-Журт Кыргызстан” партиясы менен шайланып келген.

Ал буга чейинки маектеринин биринде Райымбек Матраимовду мыкты адам катары сүрөттөп, аны каралоонун айынан Кара-Суу, «Мадина», «Дордой» базарында соода болбой калганын айткан. Нарматова 2020-жылдагы шайлоодо Матраимов түзгөн “Мекеним Кыргызстан” партиясын сүрөгөн.

“Менин Матраимовго кандай байланышым бар? Алар менен жакшы мамиледе болбосом, бирге бизнесим жок болсо деле жармаштыра беришеби? Коомдук ишмер катары маек берип, пандемия учурундагы ишмердиги боюнча айтып бергем. Аны мен танбайм. Бул деген ошол адамдар менен бир командада жүрөт дегенге жатпайт. Менин мандатым боюнча маселе жок. Себеби мыйзам, укук коргоо органдары бар. Жөн эле эл шайлаган депутат мандатын тапшыра береби? Кызык…”, — дейт депутат.

Ал эми депутат Шайлообек Атазов Матраимовду колдоо митингдерине катышып, Жогорку Кеңештен да таламын талашып жүргөн. Ал Жогорку Кеңешке келгенге чейин Матраимовдорго таандык EREM спорт клубунун жетекчиси болчу.

«Менин мандатымды эл берген. Эл чечет. Бизде маселе жок. Биздин тарапташтар эмес, биздин тарапташтар делген сөздөр айтылган. Алардын бизге тиешеси жок. Андай маселе жок бизде”, — деди Атазов.

Мандатын тапшырсын делген депутаттардын дагы бири Нурлан Ражабалиев 2021-жылы 28-ноябрдагы Баткен бир мандаттуу шайлоо округунан жеңүүчү деп табылган. Бирок шайлоого 11 ай калганда, тагырагы 2021-жылы 27-январда “Коррупция” беренеси боюнча соттолгон эле.

Тергөөнүн маалыматында, Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов, Ош бажысынын мурдагы жетекчиси Нурлан Ражабалиев жана Түштүк-Чыгыш бажысынын мурдагы жетекчиси Абдыбахаб Боронбаев коррупциялык схема түзүп, Кыргызстан аркылуу Тажикстан жана Өзбекстанга өтө турган ар бир машинеден акча алып турганы айтылган.

Жыйынтыгында Нурлан Ражабалиев бюджетке келтирилген чыгымдын ордун толтуруш үчүн 12 млн сом, андан кийин сот чечимине ылайык дагы 260 000 миң сом төгүп берген. Абдыбахаб Боронбаев 8 млн сом төлөгөн.

Нурлан Ражабалиев Райымбек Матраимовдун айланасындагы иштер, өзүнүн жеке байланышы боюнча комментарий берген эмес.

Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов “Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго байланышы бар үчүн мандатын тапшырышы керек” деген сөздөргө комментарий берип, ал Матраимовдор негиздеген “Исмаил-Ата” коомдук кайрымдуулук фонду курган Муфтияттын жаңы имаратынын ачылышына кимдин чакыруусу менен барганын айтып берди.

“Райымбек Матраимов менен бир райондон болобуз. Бир жерден болгондон кийин бири-бириңди тааныйсың да. Ал эми Искендер Матраимов менен мурдатан эле тааныштыгым бар. Region каналы эмненин негизинде чыгарды билбейм. Муфтияттын ачылышына муфтийдин Жогорку Кеңештеги өкүлү жана Искендер Матраимовдун чакыруусу менен баргам. “Депутаттар ушул жерге отурат” деп көрсөтүп берген жерине отурганбыз. Ал жерге Райымбек Матраимов да келип, биздин жаныбызга отурган. Балким ушундан улам “мамилеси бар” дап айтып жатышса керек”, — деген.

Эске салсак, буга чейин УКМК Райымбек Матраимовдун 34 млн 810 миң 500 долларлык (3 млрд 98 млн 134 миң сом) кыймылсыз мүлкү мамлекеттин менчигине өткөнүн билдирген. Анын ичинде Бишкек менен Ош шаарларындагы кымбат үйлөр, коммерциялык имараттар, Чүй жана Ош облусундагы эки бажылык каттоо жери көрсөтүлгөн.

Ал эми Ош облусунун Кара-Суу районунда Райымбек Матраимовго тиешелүү делген 26 кыймылсыз мүлк камакка коюлганы белгилүү болду.

Январь айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Райымбек Матраимовго издөө жарыялап, милиция кызматкерлерине ал тууралуу багыттама берген. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” беренесинин “Уюшкан топ жана кылмыштуу уюмдар тарабынан адамды күч менен кармоо, анын жүрүү эркиндигин чектөө” бөлүгү менен айып коюлган.

УКМКнын төрагасы Ташиев Райымбек Матраимовду жана маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевди өлкөдө “мафия түзгөн” деп айыптаган.

Учурда Райымбек Матраимов каякта экени белгисиз.

Булак: Азаттык.

Количество просмотров: 162