• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Матраимов муфтияттын жаңы имаратынын ачылышына катышты

27 Баш оона 2023 14:49 Бишкек Govori.TV

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов Бишкекте муфтияттын жаңы имаратынын ачылышына катышты. Бул тууралуу өзү Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Ал Кыргызстандын жана Казакстандын муфтийлери Замир Ракиев менен Ноорузбай Таган уулу баштаган адамдар менен түшкөн сүрөтүн жарыялап, куттуктоо жазган.

Буга чейин Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын жаңы имаратын Матраимов башында турган «Исмаил ата» фонду куруп жатканы ачыкка чыккан. Анын капсула салуу аземине Замир Ракиев, Райымбек Матраимов, Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов баштаган адамдар катышкан.

Эске салсак, Райымбек Матраимов Бажы структурасында 10 жылдан ашык иштеген. Бул аралыкта ал кытайлык ишкер Хабибула Абдукадырдын көмүскө кланы менен биргеликте коррупциялык схеманы түзгөн. Бул тууралуу Kloop, Азаттык жана OCCRP журналисттери 2020-жылы бажыдагы коррупциялык схемалар боюнча биргелешкен иликтөөлөрдүн сериясында айтышкан.

Количество просмотров: 139