• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Матраимовдун “хан сарайы” деген видео жарыяланды

23 Бирдин айы 2021 1:31 Бишкек Govori.TV

Factcheck.kg басылмасы  «Матраимовдун хан сарайы» аталыштагы видео жарыялады. Аталган видеодо Кыргызстандагы эң таасирлүү делген Матраимовдордун үй-бүлөсүнө тиешелүү болгон Бишкектин Ала-Арча вип-шаарчасында жайгашкан бир нече үйлөр тууралуу баяндалат.

Журналисттер үйдүн короосунда Париждеги Луврдун пирамидасынын жана Келишим аянтындагы фонтандын көчүрмөлөрүн байкашкан.

Матраимовдор  видео боюнча комментарий бере элек.

Эске салсак, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары 18-февралда УКМКга сурак бергенден кийин кармалган. Ага кылмыштуу кирешелерди адалдаштырууга байланыштуу айып тагылууда.

Количество просмотров: 2559