• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Матраимовдун тойдогу сүрөтү тарады

22 Теке 2022 14:44 Бишкек Govori.TV

Социалдык тармактарда Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тушоо тойдогу сүрөтү тарады.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, сүрөт мурдагы депутат Ибрагим Жунусовдун небересинин тушоо тоюнда тартылган. Той Бишкектеги «Фрунзе» ресторанында өткөн.

Белгилей кетсек, 2019-жылы “Азаттык” радиосу жана бир нече эл аралык медианын журналисттери кыргыз бажысындагы миллиондогон каражатты кымырган схемаларды аныктап чыгышкан. Иликтөөлөрдө аты аталган Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов камалып, мамлекеттке 2 млрд. сом төгүп кайра бошотулган.

Количество просмотров: 3404