• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Матримовдун бир тууганы аким болгон Кара-Сууга бюджеттен эң көп каражат бөлүнө турганы талкууга түштү

18 Тогуздун айы 2019 17:13 Бишкек Govori.TV

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районуна 2020-жылы республикалык бюджеттен 156,4 миллион сом бөлүнөт. Бул тууралуу Финансы министрлигинин сайтына жарыяланган бюджеттин долбоорунда жазылган. Бул маалымат коомчулукта талкууга кайрадан жем таштады.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө мурдагы Бажы кызматынын төрагасынын орун басары Райымбек Матроимовдин бир тууганы Тилек Матраимов Кара-Суу районунун акими.

Ал эми аталган аймакка каражат бөлүнө турганы боюнча Тилек Матраимов төмөндөгүлөрдү бидирген.

Кара-Суу — бул өлкөдөгү эң көп калктуу район болуп саналат. Статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, 2019-жылдын башында аталган райондо 430 миң 814 адам жашайт. Ошондуктан Финансы министрлигинин сайтына бюджет бөлүү тууралуу  жарыяланса керек ,-деп билдирген Т.Матраимов.

Андан тышкары, Матраимов  акимчилик мамлекеттен 156,4 миллион сом каражат бөлүүсүн сурабаганын кошумчалаган.

Ал эми дубандарга келсек, Ош облусуна 636,2 миллион сом, Жалал-Абад облусуна 402,1 миллион сом, Чүй облусуна 160,7 миллион сом, Нарын облусуна 301,4 миллион сом, Талас облусуна 121,7 миллион сом, Ысык-Көл облусуна 111,9 миллион сом, Баткен облусуна 224,5 миллион сом бөлүнөрү пландалууда.

Количество просмотров: 358