• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Мээрбек Мискенбаев жоопко тартылабы? Баткенде кыз-келиндер бийге түштү. Соңку жаңылыктар 06.04.18.

6 Чын куран 2018 13:49 Бишкек Govori.TV

Бишкек.06.04.2018.Govori.TV

Мээрбек Мискенбаев жоопко тартылабы? 

«Мээрбек Мискенбаевдин «Кыргыз көмүр» ишканасынан 3 миллион сом алганы аныкталса кылмыш иши козголот«, — деп бүгүн, 6-апрелде «Ата Мекен» фракциясынын жыйынында башкы прокурордун орун басары Бөкөнбай Казаков билдирди. фракциясынын  лидери Алмамбет Шыкмаматов Мээрбек Мискенбаев буга чейин «Кыргыз көмүрдөн» 3 миллион сом алганы далилденгенин, прокуратуранын ага карата кандай чара көрөрүнө кызыкты. Бөкөнбай Казаков факты далилденсе, ага карата кылмыш иши козголо турганын айтты.

Алты миң бала психикалык жактан  жабыркайт 

Кыргызстанда психикалык жактан жабыркаган алты миңден ашык бала катталган. Бул тууралуу акыйкатчы Кубат Оторбаев «Республикалык балдар психиатриялык ооруканадагы балдардын укугу» аттуу атайын баяндаманын долбоорун талкуулоо үчүн уюштурулган жыйында билдирди.Оторбаевдин айтымында психикалык жактан жабыркаган балдардын саны өсүүдө жана реалдуу сан мындан да жогору болушу мүмкүн. Анткени айрым ата-энелер мындай балдарын каттоого тургузгусу келбейт.Акыйкатчынын баяндамасында ошондой эле психиатриялык ооруканаларда бир катар укук бузуулар болуп жатканы айтылды.

Баткенде 500 аял бийге түштү

“Бий — бул ден соолук, ден соолук бул — сулуулук” деп аталган акция 7-апрель бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата Баткен шаарында өттү. Акция таң эрте башталып, 500 аял музыканын коштоосунда бийлеп, дене көнүгүүлөрүн жасашты.Жергиликтүү бийлик тарабынан уюштурулган акцияда дарыгер айымдар пайдалуу дене көнүгүүлөрүн бөлүштү. Мыкты бийлеген айымдар уюштуруучулар тарабынан белектерге ээ болушту.Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары Чынара Саттарова сөз сүйлөп аялдарды спорт менен машыгууга, бийлөөгө жана сергек жашоого үндөдү.Акциянын жүрүшүндө айымдар кан басымдарын, организмдеги канттын өлчөмүн жана салмак менен бел өлчөмдөрүн да акысыз текшертүүгө үлгүрүштү.

Количество просмотров: 14