• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Мискенбаевдин айтканы жалпы «апрель баатырларынын» пикирин билдирбейт

20 Жалган куран 2018 11:33 Бишкек Govori.TV
Бишкек 20.03.2018  Govori.Tv
Бул тууралуу  Govori.Tv агенттигине  «Айкөл Таза коом» уюумунун теңтөрагасы Төлөбай Жусубалиев билдирди.
«Апрель баатырларынын» атын көп адамдар пайдаланды. Айрымдар биздин атыбызды, курман болгондордун атын сатып бийлике жетти. Кээ бирөөлөр байлыка жетти. Бирок 2010-жылдын 7-апрель  күнү оор жаракат алгандар чындыгында кыйналып эле жашап жатышат. Биз саясаттан сырт болуп, ошол оор жаракаттарга жардам көрсөтүү максатында «Айкөл Таза коом» уюмун түзгөнбүз. Мурда Алмазбек Атамбаевди колдоп келсек, эми эл тарабынан шайланган Сооронбай Жээнбековду колдойбуз. Ал эми Мээрбек Мискенбаев өз пикирин билдирип жатат. Анын айткандары жалпы «апрель революциясынын» баатырларынын жана катышуучуларынын пикирин билдирбейт. Себеби, ал Сооронбай Жээнбеков, Асылбек Жээнбеков тууралуу айтаар алдында эч ким менен кеңешкен эмес деди,-Төлөбай Жусубалиев. 
Количество просмотров: 28