• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Мечиттин сейфинен 77 миңден ашык акча уурдаган шектүү кармалды

22 Бирдин айы 2021 15:20 Бишкек Govori.TV

Баткен облусуна караштуу Сүлүктү шаарында мечиттин сейфин бузуп, 77 миң сомдон ашуун акчаны уурдаган шектүү кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20-февралга караган түнү Сүлүктү шаарында жайгашкан “Нур-Вали” борбордук мечитинин эсепканасындагы темир сейфин белгисиз адамдар бузуп, сейфтин ичиндеги 77 миңден ашуун акчасын уурдап кетишкен.

Бул факты Сүлүктү шаардык милициясынын Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

«Кылмышка шектүү катары Кулуңду айылдык базарынан мурда сот жообуна тартылган Лейлек районунун Ак-Арык айылынын 24 жаштагы К.Б.аттуу жараны кармалды. Тергөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары кармалган жаран шаар аймагындагы мечиттерге орнотулган садака кутучаларынын ичиндеги акчаларды уурдап жүргөндүгү аныкталды»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда шектүү жигит убактылуу кармоочу жайга киргизилип, териштирүү иштери жүрүүдө.

Количество просмотров: 269