• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

«Медиа Диалог» долбоору өз ишин баштады

4 Аяк оона 202014:27 Бишкек Govori.TV

2-4 сентябрь күндөрү Ысык-Көл облусунда Кыргызстанда медиа тармагындагы реформаларды колдоого багытталган «Медиа Диалог» аттуу семинар-тренинг өттү. Иш-чарага эл аралык уюмдардын, өкмөттүн өкүлдөрү, эксперттер, журналисттер катышты. Анын жүрүшүндө Кыргызстандагы соңку окуялар боюнча да сөз болду.

«Медиа Диалог» долбоорунун эксперттери Зауре Сыдыкова жана Шерадил Бактыгулов кесипкөйлүктү арттыруу, бардык кызыкдар тараптар менен диалог аркылуу ченемдик-укуктук чөйрөнү жакшыртууга көмөктөшүү жана ЖМКлардын экономикалык көз карандысыздыгын чыңдоо тууралуу маалымат берди.

Эки күндүн ичинде катышуучулар көптөгөн маалымат алып, практикалык сабак учурунда окуу модуль түзсө, тажрыйбалуу тренерлер сын-пикирлерин, сунуштарын айтышты.

«Медиа Диалог» долбоорун Евробиримдик каржылайт. Ал медианын туруктуу өнүгүшүн, журналисттердин кесиптик өнүгүшүнө шарт түзүү, шайлоо учурунда чыр-чатактардын алдын алууга жана медиа тармакты реформалоону колдоого багытталган. Долбоорду Демократия үчүн Европа өнөктөштүгү, «Медиа Полиси Институту», Вестминстер фонду, Европанын жергиликтүү демократия ассоциациясы жана ARTICLE 19 уюмдары ишке ашырат.

Количество просмотров: 39