Кыргызстандын райондук, облустук администрацияларында иштеген кызматкерлер, мугалимдер, жарандык коомдун жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн арасында медиа жана маалыматтык сабаттуулуктун деңгээлин жогорулатуу, чыр-чатактарга сезимтал мамиле кылуу боюнча семинардын экинчи күнү уланууда.
Семинар сынчыл ой жүгүртүүгө, жалган маалыматты, фейк маалыматты ажырата билип ага каршы турууга, фактчекингдин заманбап ыкмаларын жана сынчыл ой жүгүртүүнү өздөштүрүүгө багытталган.
Бул семинар БУУнун Тынчтык куруу фонду тарабынан каржыланып жана Жамааттык ЖМКлар бирлиги тарабынан ишке ашырылып жаткан БУУ ӨП менен ЮНЕСКОнун биргелешкен “Социалдык биримдик үчүн улуттук өнөктөштөрдүн жана жарандык коомдун потенциалын жогорулатуу” долбоорунун алкагында өткөрүлдү.