• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Медициналык кызматкерлердин айлык акысы жогорулайт

13 Аяк оона 201812:13 Бишкек Govori.TV
Бишкек.13.09.2018.Govori.TV.
1-октябрдан тарта үй-бүлөлүк дарыгерлердин, медайымдардын жана фельдшердик-акушердик пункттардын орто медициналык кызматерлеринин айлык акысы жогорулайт. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ош облусунун Чон-Алай районундагы Карамык жана Жекенди айылдарындагы эки оорукананын ачылыш салтанатында билдирди.

«Жаңы ооруканалар — бул тийиштүү жабдуулар жана дары-дармектер менен жабдылган заманбап медициналык мекемелер», — деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев. Ошондой эле жергиликтүү дарыгерлер сапаттуу алгачкы медициналык көмөк көрсөтүү маселесине өзгөчө көңүл буруусу тийиштигин кошумчалады. Өкмөт башчы билдиргендей, бүгүнкү күнү республика боюнча 400дөн ашуун ар түрдүү объектилер курулуп жатат.

 

Количество просмотров: 61