Эң башкысы ден соолукта болуп, ооруну жуктуруп албай, башкаларга жугузбоо. Мындай тилекти Улуттук госпиталдын дарыгерлерлери каалап жаткан чактары.
Алардын айтымында эч кандай айлыктын жогоруулоосунун деле кереги жок, негизгиси ден соолук болсун.
Эске салсак, медиктер кесиптик майрамын белгилешти. Белгилей кетсек азыркы пандемия шартында аларга өтө чоң жоопкерчилик жүктөлдү. Көпчүлүгү оору менен күрөшүп жатып, коронавирусту жугузуп өзүлөрү даарыланууга жатышты. Айрымдары күн-түн дебей бейтаптарга жардам берүү аракетин көрүүдө.