Медицина илимдеринин доктору, дарыгер Адиманнап Муратов 60 жашында көз жумду. Бул тууралуу анын кесиптештери жергиликтүү басылмалардын бирине билдирген.
Маалыматка караганда, ал пневмонияга чалдыккан.
Абдиманнап Муратов буга чейин саламаттыкты сактоо министринин, билим берүү жана илим министринин орун басары болуп иштеген.