Кечээ, 3-сентябрда медицина кызматкерлеринин кезектеги тобу Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.
Маалыматка ылайык, Бубул жолу инфекция очокторунда өз өмүрүн тобокелге салган Нарын жана Жалал-Абад облустарынын, Бишкек шаарынын саламаттык сактоо уюмдарынын медициналык кызматкерлери эс алууга жолдомо алышты. Алар «Эне Сай» пансионатында 7 күн эс алып кайтышмакчы.
«Аталган иш-чаралар президент С. Жээнбеков саламаттыкты сактоо тутумунун өкүлдөрү менен болгон жолугушуусунан кийин мерчемделген иш-чаралардын алкагында КР өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашырылууда», — деп айтылат маалыматта.