• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Медициналык уюмдар жеке коргонуучу каражаттарды сатып алууга 188,8 млн сом сарпташкан

27 Чын куран 2020 16:36 Бишкек Govori.TV

Өлкөнүн медициналык уюмдары жеке коргонуучу каражаттарды сатып алууга 188,8 млн сом сарпташкан. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрайымы Элнура Боронбаева билдирди.

Боронбаеванын маалыматында, сатып алынган жеке коргонуучу каражаттарды региондор боюнча бөлгөндө:

• Ош облусу жана Ош шаары – 46,1 млн сом,

• Жалал-Абад облусу – 63,0 млн сом,

• Баткен облусу – 6,2 млн сом,

• Нарын облусу – 13,6 млн сом,

• Талас облусу – 3,5 млн сом,

• Чүй облусу – 12,9 млн сом,

• Ысык-Көл облусу – 8,1 млн сом,

• Бишкек ш. – 35,2 млн сом.

Мындан тышкары, Боронбаева 27-апрелге карата саламаттыкты сактоо уюмдарында 46 523 даана бир жолу колдонулуучу костюм, 20 797 даана көп жолу колдонулуучу костюм, 58 475 даана респиратор жана 1 110 613 даана бир жолу колдонулуучу беткап бар экенин кошумчалады.

Количество просмотров: 42