Кыргызстандык спортчу Сезим Жуманазарова жаштар арасында кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатында коло медаль тагынды. Бул тууралуу United World Wrestling уюмунун сайтында жазылат.
Эркин, грек-рим жана кыз-келиндер арасында күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты 16-22-август аралыгында Россиянын Уфа шаарында өтүүдө.
Жуманазарова 55 кг салмакта алгач швециялык спортчуну утуп, чейрек финалга өткөн. Анда мекендешибиз 1:2 эсебинде италиялык спортчуга утулуп калган. Бирок италиялык кыз мелдештин финалына чыккандыгы үчүн Жуманазарова көңүл жубатарлык беттеш өткөрүүгө мүмкүндүк алган.
Бул кармашта кыргызстандык спортчу 15:4 эсебинде шри-ланкалык кызды жеңип, коло үчүн күрөшүүгө чыккан. Үчүнчү орун үчүн күрөштө Жуманазарова польшалык Ева Патрисияны 9:4 эсебинде жеңип алды