• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

«Мегакомду» Абдулда Суранчиев башкарат

20 Баш оона 202015:13 Бишкек Govori.TV

Мурдагы ички иштер министри Абдулда Суранчиев «Мегаком» соода маркасы менен иш жүргүзгөн «Альфа Телеком» мамлекеттик ишканасынын жетекчисинин милдетин аткара баштады.

Суранчиев 2013-2014-жылдары ички иштер министри болгон. Акыркы жылдары «Альфа Телеком» компаниясынын башкы директорунун биринчи орун басары болчу.

«Мегакомду» 2018-жылдан бери башкарып келаткан Акылбек Жамангулов «Биримдик» партиясынын курамында октябрда өтчү парламенттик шайлоого талапкер болуп катталгандыктан, 19-августта кызматын тапшырды.

Количество просмотров: 197